Пекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 50 миңден ашык тургун эвакуацияланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары маалымдашты.
Маалыматка ылайык, суу ташкыны коркунучуна байланыштуу Меньтоугоу, Фаншань, Чанпин, Хуайжоу жана Яньцин райондорунда биринчи деңгээлдеги иш-чаралар киргизилди. Шаарда 200 миң киши нөөмөттө туруп, кырдаалга өз учурунда чара көрүүдө.
Буга чейин Синьхуа агенттиги Ганьсу провинциясындагы суу ташкынынан 13 адам каза болгонун кабарлаган. Ал эми Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети Ганьсу жана Гуанси провинцияларына колдоо көрсөтүү үчүн 32 млн юань бөлдү.

