Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жаңы түз аба каттамын ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаровдун ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кытай менен Кыргызстандын тиешелүү органдары консультацияларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча бир пикирге келишкен.
2024-жылдын биринчи кварталында Пекин — Бишкек — Пекин каттамы боюнча жаңы аба каттамдары ачылат, аны China Southern Airlines авиалиниясы ишке ашырат.
Ошондой эле 2023-жылдын декабрында Чэнду — Бишкек – Чэнду каттамы ачылып, аны Changlong Airlines авиалиниясы ишке ашырат.