Конституциядагы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо аткарылып, пенсиянын минималдык көлөмү 6,9 миң сом болду. Тактап айтканда, 1-октябрдан тартып пенсиялар индексацияланат. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин биринчи кадам жасалып, 1-июлдан пенсия көтөрүлгөн. Колуна 1000 сом алган пенсионерлер 3500 сомдон ала баштаган. Эми 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га көбөйүп, 6900 сомдон алып башташат.
Министрлер Кабинетинин 29-августтагы №534 токтомуна ылайык 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Ошондой эле «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КР мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 6 миң 900 сомдон кем болбойт деп белгиленди. Мындан сырткары, Социалдык фондго 1-октябрдан тартып 1000 (бир миң) сомдон кем эмес индексациялоо, 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, үстөктөрдү эске алуу менен жалпы өлчөмү 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн төлөөнү тапшырды. Ошондой эле үстөктөрдү эске алуу менен мындай пенсиялардын жалпы өлчөмүн 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жеткирүүнү эске алуу менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо, пенсиялардын базалык бөлүгүн жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу тапшырылды. Токтом 1-октябрдан тартып күчүнө кирет.
Ошентип, пенсияны жашоо минимумунан кем кылбоо саясаты ишке ашырыла баштады. Бул үчүн 2 этап менен кадам ташталып, бюджеттен кошумча 20 млрд сом бөлүнүүдө. Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болгон. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, 1000 сомдон кем эмес жогорулаганы турат. Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат. Бул жерде белгилей кетишибиз керек, республикалык бюджеттен бөлүнө турган 787 млн сом оптималдаштырылган каражаттын эсебинен төлөнөт. Жыйынтыгында, 1-октябрдан тарта өлкөдө минималдуу пенсия 6 900 сомду түзүп калат. Жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды. Мындан сырткары, 2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 000 адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49%ын түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 000 адамга азайып, 40%га чейин кыскарган. 2024-жылдын октябрь айынан тартып бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат.
Көрүнүп тургандай пенсияны көтөрүүдө өтө чоң секирик жасалды. Бул оңой иш эмес. Баарыбыз билгендей буга чейинки жетекчилер 200-300 сомго, ашып барса 500 сомго көтөрүшчү. Азыр дээрлик 7 миң сомго чыкты. Негизи 2020-жылдан кийин башка тармактардагы маянаны жогорулатуу менен бирге пенсияны көтөрүүдө өлкөбүз ири ийгиликтерге жетишти. Муну башкаруудагы туура саясат деп айтсак жарашат. Анткени, пандемиядан кийинки абал өтө оор эле. Карызга алынган 320 миллион доллар менен эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды төлөп турган, экономика бычактын мизине илинип калган учур болчу. Бюджетти кыскартып, бардык каражатты мамлекеттик карызды төлөөгө жумшоо керектиги айтылып жаткан. Эгер ошол жылы эл силкинип, бийлик алмашып кетпегенде бүгүнкү күндө мамлекетибиз өтө оор абалга кептелип калмак. Жараткандын буйругу менен чайпалсак да бөксөрбөй, кырдаал бурулуп кетти. Мамлекеттик башкаруу түп тамырынан өзгөрүп, “Кумтөрдүн” кайтарылышы, криминалга жана жемкорлукка каршы күрөштүн ийгиликтүү жүрүшү, салык саясатынын өзгөрүшү, коррупциялык элементтердин жоюлушу – мамлекеттик кирешени дээрлик үч эсеге көбөйттү. Анын жыйынтыгында, мугалим, дарыгер жана мамлекеттик кызматкерлердин маяналары миңдеген суммада жогорулай баштады. Ал эми пенсия мурдагыдай 200-300-500 сомго эмес, 7000 сомго чейин көтөрүлгөнү турат. Июнь айында Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, Социалдык фонд өз убагында кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп, жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу жаатында иш-аракеттерди ыкчамдатышы керектигин белгилеген. Ошондой эле пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу — өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин билдирген.
“Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган Жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер 10-июлдан тарта 3 500 сомдон ала баштаган. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык”, — деген Мамлекет башчысы.
Мекендештерибиз үчүн Министрлер Кабинетинин пенсия жаатындагы реформалары боюнча дагы кошумчалай кетелик. Мындан ары дагы Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат, бул норма ошол бойдон калды. Бирок, пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду. Буга чейин жарандын пенсия курагына жете электе талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү. Мындайча айтканда, талап кылынгандан ашыкча стажы бар болсо, мисалы эркектер 60 жашында, аялдар 55 жашында үч жыл эрте чыгууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду, мындан ары эмгек стажына карай эрте чыга албайт. Белгилей кетсек, бул ирет көпчүлүктү сүйүндүргөн жакшы норма кирди. Мындан ары беш жыл иштегендерге дагы пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Тагыраагы, пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Эмгек стажы жете электерге базалык бөлүк болгон 3 170 сомдун жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп, беш жылдан кем иштебегендерге базалык бөлүмдүн баары бериле баштады.
Зулпукаар САПАНОВ