Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.
Учурда өлкөдө 785 миң пенсионер жашайт. Пенсияга аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында чыгат. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна туура келет – 149 миң 418 адам, Жалал-Абад облусу – 146 миң, Бишкекте 115 миң киши жашайт. Акыркы 5 жыл ичинде пенсионерлердин саны 670 миңден 785 миң адамга чейин өстү. Ал эми жыл башынан бери алар дагы 30 миң 477 пенсионер менен толукталды.