1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң аз пенсия 6900 сом болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-августта кол койгон.
Ага ылайык, Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан тартып 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылды. Андан тышкары 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн 6900 сомго чейин жеткирүү милдеттендирилди. 1-октябрдан кийин дайындалуучу пенсиялардын өлчөмү да 6900 сомдон кем болбошу керектиги эскертилди.
Жалпысынан «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сом болмокчу.
Комментарий калтыруу