Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери дүйнөлүк миграция агымынан четте калган жок. Эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянсак, учурда 1 миллиондон ашуун кыргыз жарандары чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрүшөт. Алардын негизги бөлүгү Россияда болсо, акыркы жылдары Түркия, Казакстан, Корея жана Европа мамлекеттерине кеткендердин саны да кескин көбөйдү. Миграциянын себептери ар түрдүү: жумуш орундарынын жетишсиздиги, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, үй-бүлөлүк муктаждыктар, айрым учурда билим алуу жана жаңы тажрыйба издөө. Бирок жалпысы – ар бир мигрант мекенден алыстаса да Кыргызстан менен байланышын үзбөйт. Алардын тапкан эмгеги жана жөнөткөн акча каражаты өлкө экономикасынын маанилүү каржы булагына айланып келери белгилүү.
Ошол эле учурда миграциянын да буга чейин айтылып келген өзүнө таандык көйгөйлөрү жок эмес. Укук коргоо маселеси, социалдык, үй-бүлөлүк ажырымдар, эмгек рыногундагы теңсиздик сыяктуу маселелер бар. Акыркы он жылдыкта Түркия багытындагы миграция өзгөчө көңүлдү бурдурат. Айрыкча аялдардын агымы күчөдү. Алардын тагдыры, иш шарттары, коомдук орду жана мекен менен байланышы өзүнчө изилдөөгө татыйт. Түркияда иштеп жүргөн кыргыз аялдары – бул миграциянын эң көрүнүктүү катмарларынын бири. Экономикалык муктаждык, үй-бүлөнү кароо, кирешелүү жумуштун аздыгы сыяктуу факторлор көптөгөн аялдардын Түркияга кетип иштөөсүнө себеп болуп келет. Мигрант аялдардын көбү үй чарбасы, кары-картаңдарды багуу, үй тазалоо, бала багуу сыяктуу жумуштарды аткарат.
Кыргызстанды сүйүп, мекенден алыста жүрсө да элин унутпаган мекендештерибиз дүйнөнүн ар кайсы бурчунда кыргыздын жүзүн, салтын, маданиятын таанытып келишет. Алардын алыстагы турмуш-тагдыры, заман сыноосуна туруштук берген жигер-кайраты, көйгөйү жана ийгилиги жөнүндө баяндоо максатында Түркиянын Анталия шаарында жашап, коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн айымдын ой-пикирине кулак түрдүк.
– Периза айым, Түркиянын Анталия шаарында “Кыргыз Айымдары” коомун түзүп, өз алдынча иш алып бара баштаганыңызга канча жыл болду жана бул коомду түзүүгө эмне себеп түрткү болду? Баштапкы максатыңыз кандай эле?
– Биздин коом 2017-жылы 18-майда Анталия шаарынын жергиликтүү бийлигинин уруксаты менен түзүлгөн. Негизи мен билгенден Түркияда жүргөн кыргыз айымдарынын көпчүлүгү илим-билимдүү, алар коомдун негизги бөлүгүн түзүп, иш алып барууга салымы чоң. Ал эми бул коомду түзүүнүн башкы максаты – Кыргызстандан Анталияга жаңы барган, көбүнчө агенттиктер аркылуу шашып, даяр эмес бойдон барып алган кыргыз жарандарына, айрыкча аялдарга туура жол көрсөтүү. Жаңы баргандар жергиликтүү элдин кулк-мүнөзүн, тилин, барган өлкөнүн мыйзамдарын да билбей ар кандай кыйын кырдаалдарга кабылып калышат. Азыр болжолдуу түрдө тактай келсек, Түркияда Кыргызстандан келген 30 000 мигрант бар, анын 8000и Анталияда болсо, 80%ы аялдар. Ошондуктан мекендеш айымдардын үнүн угузуп, алардын укуктарын коргоого жардам берип, бири-бирибизге таяныч бололу деген ой түрткү берди. Максатыбыз – “чет жерде жүргөн айымдар жалгыз эмес” дегенди билдирүү.
– Азыр коом кандай багытта иштеп жатат?
– Бүгүнкү күндө кыргыз айымдары коомдо чоң күч. Карай келсек, ишкерлик чөйрөсүндө, илимде, маданиятта өз орду бар. Анын сыңарындай эле Түркияда иштеп жүрүп ийгиликтерди жараткан кыргыз айымдары да арбын. Биз, аялдар коому көбүнчө социалдык жактан жардамдарды уюштурабыз. Сиздерге белгилүү болгондой, Түркия да жакынкы жылдары бир топ кырсыктарды башынан кечирди. Мисалы, “COVID 19” учурунда, жер титирөө мезгилдеринде канчалаган кыргыз жарандары ошол жакта ишсиз, жашаган жери жок калды. Ошондой учурларда биздин коом Түркиядагы кыргыз консулдугун колдон-буттан алып, көптөгөн жардамдарды уюштурдук. Негизи кайсы өлкөдө болбосун, мигранттардын көйгөйү окшош эле болот. Көбү атайын камсыздандыруусу жок барып алышат да, ооруп калган учурда ооруканалар кабыл албай, маселе жаралат. Бул көйгөй менен башынан тааныш болгон себептүү биздин “Кыргыз Айымдары” коому Анталиядагы жеке менчик клиника менен келишим түзүп, барган жарандарды эч кандай кезексиз, маселесиз кабыл алышат. Азыркы күндө кыргыз тилин жана маданиятын сактоо боюнча иш-чараларды уюштурабыз. Ошондой эле жаңы келген айымдарга жумуш таап берүүдө, тил үйрөтүүдө жардам көрсөтөбүз. Коомубуз – ар бир айым үчүн колдоо жана таяныч.
– Жакында сиз биздин редакцияга атайын делегация менен келип кеттиңиз. Ал жолугушуунун негизги максаты жөнүндө айта кетсеңиз? Кандай сунуш-пикирлер айтылды?
– Анталиянын мэриясы коомдук активисттерди, коомдук уюмдарды жакшы колдойт. Төрт-беш жыл мурун Анталияда деңиз жээгинде бир чоң форум өтүп жаткан экен. Мен да чакырылган элем. Коңшулаш Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу элдердин журналисттери “Жылдын мыкты журналисти” жана башка ушул сыяктуу номинациялар менен сыйланышты. Бирок, биздин кыргыз журналисттери жок экен. Иш-чара бүткөн соң уюштуруучулар менен жолугуп сүйлөшүп, бул иш-чарага кыргыз журналисттерин да кошууну сунуштагам. Алар менин сунушумду дароо эле кабыл алышып, мындан үч жыл мурда да атайын делегация менен келип кетишкен. Кечээ жакында келгенибизде УТРК, ЭЛТР сыяктуу бир топ ири телекомпаниялар менен сүйлөшүү аягына чыгып, меморандумга кол коюлду. Буюрса ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Ильяс Балташевди Анталияда күтүп жатышат. Ошондойт эле Түркиядан келген делегация “Эркин-Тоо” гезитинин жамааты менен пикир алышып, сый дасторконунда мейман болуп кетишти. Бул байланыштардын негизги максаты – Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу, журналисттердин өз ара тажрыйба алмашуусун, билимин өркүндөтүүгө шарт түзүү жана чет жердеги мигранттардын мекен менен байланышын күчөтүү.
– Өзүңүз айтмакчы, жылдан-жылга Түркияга барган кыз-келиндердин агымы токтобой жатат. Жаңы барган жана бара турган кыз-келиндерге кандай кеңеш бересиз?
– Жашоо-турмуш көрсөткөндөй, Кыргызстандан жаңы барган мигрант кыз-келиндер, жаштар биринчи кезекте эле укуктук маалыматка, экинчи – тилди үйрөнүүгө, үчүнчү – моралдык колдоого муктаж болушат экен. Ошондуктан алгач тилди үйрөнүп, жогоруда айтылган шарттарга кабылбай, ден соолугу мыкты болгон шартта гана барса деп ойлойм. Негизи эле жаш кыз-келиндерге, жигиттерге деле берер кеңешим, Түркияга иштөө үчүн эмес, окуу, билим алуу үчүн барышса жакшы болор эле. Өзүнө ишенишсин, билим алсын, бирок мекенди жана улуттук баалуулуктарды унутпасын деп кеңеш берем. Чет жакта мигрант аялдардын көпчүлүгү өз укуктарын билбеген, тил билбеген, же документсиз болгондуктан, пайдаланууга жана зордук-зомбулукка дуушар болуп калышат. Менин миссиям – кыргыз айымдарынын үнүн угузуу, алардын күчүн жана талантын коомго көрсөтүү. Ар бир айым бактылуу болсо, коомубуз да өнүгөт, өсөт.
Махабат Саидрахманова