"Эркин-Тоо"

Подстанциялардын жүгүн жеңилдетүү үчүн

Электр кубатынын бир саатка өчүрүлүшү — жөнгө салуучу чара. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда абал кыйла жакшы. «Айрым учурда жарык бир саатка чукул өчүрүлүп калууда. Бул маалмаалы менен өчүрүүгө жатпайт, болгону жөнгө салуучу чара» деди Т.Байгазиев. Ал ашыкча пайдалануудан улам зымдар менен трансформаторлор иштен чыгып, подстанциялардын жүгүн жеңилдетүү үчүн абоненттерди башка түйүнгө кошууга туура келип жатканын белгиледи. Байгазиев бул адаттан тыш көрүнүш эмес экенин кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!