Соңку күндөрү эркин басылмалалар аркылуу Ош ШИИББнын башчысы Марлис Асановго карата бир беткей, суу кечпеген маалыматтардын байма-бай жарык көрүшү эмнени билдирет? Эмесе, андай “баткак чачууларга” полковниктин мээнети аркылуу ачылган окуяларды тизмектесек жооп болчудай. Жакында Ош шаарында акча алмаштыруу жайдагы миллиондорду карактоо боюнча 8 эркек, 1 аял кармалып, камакка алынышканы, уюшкан кылмыштуу топтун каракчылыкка шектелген өкүлдөрүн кармоо, террористтик топтун мүчөлөрүн күч органдарынын башка өкүлдөрү менен биргелешип кылтакка илүү операциясын дал ушул Марлис Асанов башында турган Ош ШИИББдин кызматкерлери аркалашканы коомчулукка “дүң” болууда. Сенсациялуу кылмыштардын изине түшүп, “эки аяктууларды” катар-катары менен кармап жаткан каарманыбызга мындай шартта алкоодон башка не айтууга болсун? Көрө албаган, кара ниеттигибиздин айынан кыргыздын өсүп келе жаткан жигиттерин бутка чабышты токтотпойт экенбиз го?