ИИМдин Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыдан курулуп жаткан көзөмөл өткөрмө жайынын пайдубалына ала жаздын соңу менен капсула салынган. Тагыраагы, облустук милициянын учурдагы көзөмөл өткөрмө жайы бузулуп, ордуна 8 бөлмөлүү, 2 кабаттан турган заманбап имаратты куруу машакаты жай мезгилине удаа башталган.
“Кызыл шапкечендер” отурчу имараттын 1-кабатында жарандарды кабыл алуу, көзөмөл өткөрүү жайы менен ыкчам тергөө тобунун эс алуу бөлмөлөрү орун алса, 2-кабатында облустук ардагерлер кеңешинин төрагасынын бөлмөсү, маалыматтехнологиялар бөлүмүнүн маалымкаттары жана милициянын генералмайору Б.Нурматов атындагы тарых музейи жайгашмакчы. Бул саамалык 2023-жылдын 3-февралында ИИМдин коллегиясында министр, генерал-лейтенант Улан Ниязбековдун тапшырмасы катары белгиленген приоритеттүү 7 багыты аткаруу максатында ишке ашырылууда. Имараттын курулушу ички иштер органдарына иши түшүп келген жарандарыбызга жана өздүк курамдын кызмат өтөө шартын жакшыртууга өбөлгө болоору талашсыз.
Ушул жерден баса белгилөөчү жөнөкөй гана факты, Ош облустук ИИББдин алдында курулуп жаткан бул курулушка мамлекеттик казынадан бир тыйын да кеткен жок. Бардык чыгым жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, милициянын ишине кайдыгер карабаган мекендештерибиз менен өздүк курамдын, албетте, Ош облустук ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробековдун өзгөчө демилгеси астында курулууда. Баса белгилөөчү жагдай, Жеңиш Жоробеков бул саамалыкта кол астындагы формачандарды жумшап коюп олтура бербестен, резинка өтүгүн кийип кирпич ташып, аратородо баткак чылап, кум-чаңга аралашып, курулуштун түйшүгүн кошо тартып, күнгө туурулуп күйгөнүнө карабай кол кабыш кылып жаткан чагы. Мындай шартта кара күчүн аябай эмгектенген жетекчиге карата эмнени айтууга болот? Тартип сакчысы “биттин ичине кан куйган” из кубар гана эмес, жетекчиге мүнөздүү чарбакер, иш билгилигин кошо айкалыштыруу менен милициянын тарыхында артына өчпөс из салып баратканын кезеги келгенде мезгил жана тарых өзү тастыктап алаар. Мындай жетекчинин ири алды алтын башынын амандыгы мамлекеттин келечеги үчүн чоң олжо экенин кеп кезеги келгенде тартынбастан айтып коюш абзел.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№60 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-июлу