Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде алтын медаль утту.
Жарым финалда кыргызстандык спортчу орусиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны жеңип, мелдештин финалына чыкты.
Финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырган Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду