"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Польшадагы президенттик шайлоодо Навроцкий жеңип чыкты

Польшадагы президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозициядагы “Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талапкери Кароль Навроцкий 51% добуш менен жеңип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын 99,55% бюллетендери иштелип чыккандан кийинки маалыматка таянып Польша телеберүүсү билдиргенин Риа новости жазды.

Ал эми «Жарандык коалициянын» талапкери Рафал Тшасковский 49% добуш алды. Кечээ кечинде Польшада президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча добуш берүү аяктады. Шайлоодон кийин жүргүзүлгөн Exit poll сурамжылоолору минималдуу артыкчылык менен Тшасковскийди 50,3% добуш менен алдыда деп көрсөткөн. Бирок бир нече сааттан кийин жарыяланган late poll маалыматтарында оппозициядагы «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талапкери Кароль Навроцкий 50,7% добуш менен алдыда экени айтылды.

Экинчи турдагы расмий жыйынтык 100% бюллетендер эсептелгенден кийин дүйшөмбү күнү кечинде же шейшемби күнү жарыяланат.