Кыргыз элине мүнөздүү асыл сапаттардын бири — кечиримдүүлүк. Кырчылдаган кыйын-кысталыш мезгилдерди баштан кечирип, турмуштун оор сыноолорунан сынбай, жок болуп кетпей ушул күнгө жеткен байыркы кыргыз бекеринен “атаңды өлтүргөнгө, энеңди алып бер” дебесе керек.
Президент Садыр Жапаровдун жакында өлкөнүн мурдагы президенттеринин баарынын башын кошуп, бир дасторконго отургузуп, улуттук ынтымакка жасаган аракети коомчулукта ар кандай кабыл алынып жатат. Президенттин бул кадамын сындагандар да, жактагандар да көп. Бирок бул окуяны жактагандар гана эмес, сындап жаткандар да улуттун ынтымагына каршы боло албаса керек. “Согушта бардык ыкмалар жакшы” дегендей Садыр Жапаров өзүнүн бул кадамын колдобогондор четтен чыгаарын билсе да улуттук биримдик үчүн көңүлдө көксөгөн тилегин ишке ашырууга бел байлаганын түшүнүүгө болот. Ал Дубайдагы өлкөнүн мурдагы президенттерин чогултуу жана ага байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуусунда “өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты — эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум”, — деп жазды. Андан ары “тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз”, — дейт Садыр Жапаров. Президент айткандай бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары пайда болуп, өз ара жаатташып жатканы калп эмес. Соцтармакта ар кимиси өзү жактаган президенттин таламын талашып, керек болсо бири-бирине заарын чачкан сөздөр айтылып келет. Бир жагы соцтармактар коомдун маанайын көрсөтүп турчу инструмент сыяктуу болуп калды. Деги алакандай кыргыз эли алтыга ажырап, ыркыбыз кеткенден табаар пайдабыз барбы? Бул жакшы белги эмес.
Биринчи Президент, жолугушуунун катышуучусу Аскар Акаев президенттерди чогултуу боюнча пикирин билдирип, “мамлекеттүүлүктү чыңдоо, элдин биримдиги жана ынтымагы өлкө Президентинин түздөн-түз жана негизги Конституциялык милдети. Ал бул милдетти толук бойдон ишке ашырууну баштап жатканы кубанычтуу” деп жазды. Чындыгында акыркы кездерде соцтармакты ачсаң эле президенттерди сөз кылып, жаакташып жаткандарга күбө болосуң. Президент айтмакчы “боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой” аны мына ушул кадамга түрттү.
Мамлекет ичинде жалпы улуттук биримдик болбосо өнүгүп-өсүү кайдан болсун. Кыргызстан эле эмес башка чет мамлекеттерде деле журт башчыларынын күнөөсүн кечип, ынтымакка келүү фактысы соңку тарыхта эле көп кездешет. Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев Акипресстеги чакан макаласында мурдагы президенттерди чогултууга карата пикирин билдирип, бир катар чет элдик тажрыйбаларды санап өттү. Башкасын айтпаганда да кечээги эле баарыбызга белгилүү СССР доорунун акыркы күндөрүндө болгон ГКЧП окуясынын жетекчилерин жана Б.Ельцинге каршы кыймылдын лидерлерине амнистия берип, алардын баарын абактан чыгарган фактысын эске салсак болот. Ошол 91-жылы ГКЧП жетекчилери тарабынан аскердик төңкөрүш уюштурулуп, борбор шаар гана эмес, бүт өлкө заматта тозтополоңго түштү. Москвага танкалар киргизилип, мосвалыктар баррикадаларды куруп, 3 адамдын өмүрүн алган окуя унутулгус болуп калды, бирок ал үчүн айыпталгандарды бүгүн эч ким эстебейт. Испанияда диктатор Франсиско Франко өлгөндөн кийин улуттук жарашуу орногон. Польшада расмий бийлик менен оппозициялык “Тилектештиктин” тынчтык келишинен кийин өлкөдө абал өзгөрүп, өнүгүүгө бет алган. Абдыганы Эркебаев өзү жазгандай ар дайым улуттук биримдик, ынтымакка келүү жөнүндө макаларында, берген маектеринде айтып келгенине биз да күбөбүз. Билими терең, мамлекеттик иште такшалып, көзү канык, академик Абдыганы Эркебаевдин мамлекет башчысынын мурдагы президенттерди чогултуу демилгесин зор канааттануу менен кабыл алганын жазды. Ал 2002-жылы Аскар Акаевге жана Жогорку Соттун төрагасы Нэля Бейшеналиевага Феликс Куловду жана Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу боюнча, андан кийин 2017-жылы Сооронбай Жээнбековго жана бийлик бутактарынын башка жетекчилерине Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов жана башкалардын ишин кайра кароо зарылдыгы жөнүндө айтып келген. Мыйзамдык жана моралдык жоопкерчиликти башкалардан кем эмес түшүнгөн Абдыганы Эркебаев да акыл калчап, коом үчүн, мамлекеттин эртеңи үчүн балким айрымдарга жакпаган, бирок зарыл кадамды колдоп, мына ушундай пикирге келгенин бөркүмдөй эле көрөм. Ал Садыр Жапаровдун учурунда да өлкөнүн мурдагы президенттери менен маселени адамкерчилик менен чечүү зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу пикирин билдиргенин айтсак болот. Демек, Президент Садыр Жапаров коомдун кайсы бир катмарынын каалоосун да эске алып, бул чечимге келүүсүнө түрткү болгон деген ойду айткым келет.
Айрымдар Президенттин бул чечиминен кандайдыр бир саясий максат көрүп, өз божомол, бүтүмдөрүн айтып, шыпшынып жатышат. Президенттин бул кадамын мурдагы президенттердин бирин өлкөгө алып келүү аракети катары көргөндөр да болууда. Биздин ишенимибизде Садыр Жапаров өзүнөөзү душмандык кылып мындай тобокелчиликке барбайт. Ал улуттук ынтымакка өбөлгө болор деген максатты гана көздөп жатканы жөнүндө Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү жасады: “Президент Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты. Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.
Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет. Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок”. Садыр Жапаров өзү мурдагы президенттер менен жолугушуу жөнүндө элге кайрылуусунда “биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым — ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле”, — деп жазды.
Президент Садыр Жапаровдун бул кадамын колдоп, элибизге таанымал адамдар соцтармактагы баракчаларына пикирлерин калтырып жатышат. Мен ушул жерде белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун билдирүүсүнөн бир шиңгил келтирүүнү туура көрүп турам: “Кечээ күнү Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич Жапаров өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымакты орнотуу үчүн бардык экс-президенттерди бир дасторконго чогултканы тууралуу кабарды чоң кубаныч менен кабыл алдым. Мен бул демилгени толугу менен колдойм жана бул аракет Кыргызстандын мурдагы жетекчилерине гана эмес, келечектеги лидерлерине да үлгү болот деп эсептейм. Жеке таарынычтарды четке кагып, мурунку мамлекет башчылары менен арай-көз чарай отуруп пикир алышып, сергек жана кылдаттык менен жасаган кадамы – ажобуздун өлкөнүн жаркын келечеги, өсүп-өнүгүүсү үчүн кадам таштап жаткандыгын айкындайт”.
Албетте, Президент Садыр Жапаров ишмердиги коомдо ар кандай бааланып келген мурдагы президенттерди бир столго отургузуп, өзү тараптан биринчи кадамды жасады. Бирок муну менен иш бүттү дешке болбойт. Анын жыйынтыгы кандай болот, ал жолугушууга катышкан мурдагы президенттерге көбүрөөк байланыштуу. Алар бул жолугушуудан кийин кандай жыйынтыктарга келет жана кандай кадамдарды жасайт, Президенттин илгери үмүтү акталабы, аны убакыт көрсөтөөр.
Коомдук ишмер Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ:
“Өткөндүн чынжырынан арылышыбыз керек” «Ырыс алды — ынтымак» деген сөз бар. Президент Садыр Жапаровдун жасаган кадамы ушул терең түшүнүктүн тегерегинде болду. Ошондуктан, Өлкө башчыбыздын мурдагы президенттердин башын бириктиргенин жеке мен кубаттайм. Кытай кандай өнүккөн өлкө. Алардын дагы тарыхында чыккынчылык, элдин кыжырын кайнаткан көрүнүштөр көп болгон. Бирок алар кекчилдиктен баш тартып, ынтымакка келүүгө күч табышты. Ошон үчүн бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өнүккөн, ири державалардын бирине айланды. Биз дагы өткөндүн чынжырынан арылышыбыз керек. Мурдагы президенттердин кылган жаман жана жакшы иштерин эки гана топ баалай алат. Биринчи — тарыхчылар. Алардын кесиби ошол — тарых алдында кимдин эмне кылганын жиликтешет. Экинчи — тергөөчүлөр. Алар кылмыш жасалган болсо, аны иликтеп, чындыгына жетишет. Ал эми биз бир тарапты күнөөлүү деп таап, бирин актап, бирин жактагандан алыс болушубуз керек.
Коомдук ишмер Бүбайша АРСТАНБЕКОВА:
“Биригүү, ынтымак эч качан жамандыкка алып барбайт” — Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин мурдагы өлкө башчыларын сүйлөшүүгө чакырып жолугушуу уюштурганы абдан жакшы жөрөлгө. Буга чейин Кыргызстанда бийлик талашуу, революция, митинг, сөз эркиндиги дешип, бирок негизги көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, эптеп эле бийликке жетүүгө аракет кылып келишти. Саясий топтордун тарапташтары көбөйүп, өз-ара карама-каршылыктарын эл үчүн деп келгенин билип эле жүрдүк. Президентибиз айткандай, “акаевчи”, “бакиевчи”, “атамбаевчи” болуп, коомчулуктун ыркын бузуп, трайбализм оорусун таркатып жаштардын аң-сезимин бузуп жатышат десем жаңылышпайм. Менимче тарапташтарынын кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюу зарыл! Анткени ызы-чууга чекит коюла турган убакыт келди. Кээ бир саясатчылар ажобуз кылмышты жашыруу боюнча жооп берет деп жазгандарын окуп калдым. Бул жерде кылмышты жашыруу эмес, эгемендүү Кыргызстандын келечегин ойлоп, саясий стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак, биримдик, өнүгүү жолуна түшүп ыркырашкан тарапташтарынын кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, кечиримдүүлүк, айкөлдүк касиетин кармаган эл болуу нук-багытына кадам таштоо деп эсептейм! «Кеменгердин кебин ук»- дегендей Президентибизди угалы. Биригүү, ынтымак эч качан жамандыкка алып барбайт!
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 21-февралы