Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып: «Бүтүндөй Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун келечеги өлкөнүн атайын кызматтарынын ишинин натыйжалуулугунан, ыкчам иш алпаруусунан, жаңы билимге ээ болуу менен бирге жогорку жөндөмдүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды”, — деп белгиледи. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.



Мамлекет башчысынын сөзү:
«Урматтуу офицерлер, ардактуу генералдар!
Кадырлуу ардагерлер жана бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!
Бүгүнкү күндө өлкө турмушунун бардык чөйрөсүнө, анын ичинде артыкчылык берилген багытыбыз – улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келатканына жалпы журтубуз күбө. Кайсыл тармакты албайлы, алгач анын инфратүзүмүн, анда иштеген кызматкерлердин шарттарын жакшыртууга болгон күч-аракетибизди жумшап келебиз.
Болбосо шарт түзбөй, натыйжа чыгарууга мотивация бербей туруп, иштин жыйынтыгын кантип талап кылабыз?
Мына ошондуктан көптөгөн тармактарда алгылыктуу жылыштар болуп жатат деп ойлойм. Алардын катарында биздин мамлекетибиздин жалпы коопсуздугун камсыз кылган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) олуттуу жаңылыктар орун алууда.
Акыркы 4-5 жылдын ичинде өлкөбүздүн бардык аймагында коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыктарынын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, бир тобу жаңы салынып, материалдык-техникалык базасы жаңыртылды. Ошону менен бирге, билесиздер, быйыл борборубуздагы башкы штаб-квартира жаңыдан курулду, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн УКМК Академиясы негизделип, заманбап шарттагы окуу комплекси ачылды.
Бүгүн болсо сиздер менен Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыктын жаңы имаратын ачуу аземинде турабыз.
Бүгүнкү күнгө буюрган дагы бир жакшы саамалык менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Эми ушул Башкы башкармалыктын тарых-таржымалына учкай токтоло кетейин.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмү түптөлгөн.
Кийин улуттук коопсуздук бөлүкчөлөрүн оптималдаштыруу максатында 2002-жылы Чүй облусу жана Бишкек шаарын тейлеген бөлүм Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Бишкек шаардык бөлүмү болуп өз-өзүнчө бөлүнгөн.
Оптимизациянын кийинки этабында 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалык болуп өзгөртүлгөн. Борбор калаабыз кеңейип, элдин саны артып, жаңы жагдайлар жаралып, талаптар күчөтүлгөнүнө байланыштуу, 2014-жылы Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы болуп бекитилген.
Укуктук жактан ушундай оптимизация жүргөнү менен, тилекке каршы, Башкы башкармылыктын өзүнө тиешелүү административдик имараты болгон эмес. Алар ар кайсы мекемелердин имараттарына сыйлыгышып, иш алпарууга аргасыз болушкан. Тактап айтканда, борбор калаанын чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрди түзгөн кичинекей бир имаратта иштеп келишкен. 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иштөө шарттары камсыздалган эмес.
Кыскача айтканда, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы ушундай шартта коопсуздугубузду камсыздап келишкен.
2024-жылы гана Комитет жетекчилигинин демилгеси менен биз турган жерде жаңы имараттын курулушу башталган эле. Бүгүн минтип, жалпы аянты 5000 чарчы метрге (м2) жеткен заманбап имаратка ээ болуп олтурабыз.
Эми башкы башкармалыгыбыздын кызматкерлери керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылган, жарандарды кабыл алууга ыңгайлуу кабинеттери, спорттук комплекси, ашканасы жана башка керектүү заманбап шарттары түзүлгөн имаратта иш алпарышат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин урматтуу кызматкерлери!
Барган сайын коркунучтардын чектери бүдөмүк болуп жаткан азыркы учур улуттук коопсуздук органдарынан салттуу ишмердиктен тышкары, көп аракеттерди, жаңы ык-амалдарды жана жаңыча мамилени талап кылууда.
Азыр адаттагыдай ар кандай кейипте кубулган тышкы душмандардан сырткары, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо, жат идеологиясын тымызын жайылткандардан сактоо, ичибизге сызып кирген чагымчыл иш-аракеттерди болтурбоо сыяктуу улуттук коопсуздугубузга, мамлекеттин туруктуулугуна залалы тие турган жана башка коркунучтуу көрүнүштөр менен алдын ала күрөшүү милдети курч турат.
Мындан улам, бүтүндөй Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун келечеги өлкөнүн атайын кызматтарынын ишинин натыйжалуулугунан, ыкчам иш алпаруусунан, жаңы билимге ээ болуу менен бирге жогорку жөндөмдүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды.
Ошол себептен бүгүнкү ачылып жаткан жаңы инфратүзүм коопсуздук комитетинин, анын ичинде, айрыкча шаар боюнча Башкы башкармалыктын ыкчам иш-аракетинин сапатын жогорулатарын, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы алдын ала күрөшүүгө өбөлгө болоруна бекем ишенем.
Урматтуу чекисттер, мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, кооопсуздук органдарынын кызматкери деген сыймыктуу атты сактап, үлгү көрсөткүлө!
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигин, Бишкек Башкы башкармалыгынын кызматкерлерин башкармалыктын тарыхында жаңы барактын ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоодо бул жай көп жылдар бою кызмат кылсын!
Урматтуу офицерлер, ардактуу генералдар, коопсуздук кызматынын кадырлуу ардагерлери, имаратыңар ак жолтой болсун!»