"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент аймактык үч университетти КУУга бириктирүү тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирүү боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, КУУ бириктирилген окуу жайлардын бардык укуктары менен милдеттеринин укуктук мураскери болуп эсептелет.

Бул чечим жогорку окуу жайларынын финансылык, кадрдык жана илимий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, дүйнөлүк билим берүү рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Министрлер кабинетине алты айдын ичинде керектүү уюштуруучулук жана финансылык чараларды көрүү тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.