Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бирок Садыр Жапаров өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр туура эмес болгонун айтты.
«Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле»,— деди ал.
Ошондой эле президент мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун белгиледи.