"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент алгачкы мугалими менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында башталгыч класстагы биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы мугалиминин билим берүү тармагындагы эмгегин жана адамдык сапаттарды калыптандыруудагы ролун жогору баалап өттү.

Президент алгачкы мугалим берген тарбия менен билим ар бир адамдын өмүр жолунда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Кеңешкан Шаменова өз кезегинде мурдагы окуучусунун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө дайыма кызыгып, өлкө жетекчиси катары жетишкен ийгиликтерине чын дилден кубанарын билдирди. Ал бала чагынан эле Садыр Жапаровдо элге кызмат кылууга умтулуу байкалганын эске салды.

Баарлашуунун жүрүшүндө өлкөдөгү соңку өзгөрүүлөр, аймактардын өнүгүүсү, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы жана чек ара маселелеринин жөнгө салынышы тууралуу пикир алмашуу болду. Президент туруктуулук жана коомдук ынтымак өнүгүүнүн негизги күчү экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Кеңешкан Шаменова Президентке ак батасын берип, кыргыз элине тынчтык, биримдик жана туруктуу өнүгүү каалады.