"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент алты айда салык менен бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өскөнүн билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, салык менен бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өскөнүн белгиледи.

“2021-жылдын алгачкы алты айында салык кызматы тарабынан 47 млрд сом каражат чогулган болсо, 2022-жылдын ушул мезгилинде 68,8 млрд сом топтолду. Ал эми 2021-жылдын январь-июнь айларында бажы кызматына түшкөн кирешенин өлчөмү 20 млрд сом болсо, быйылкы бажы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 31 млрд сомдү түздү. Айырмасын өзүңүздөр көрүп жатасыздар”, — дейт президент.