2025-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы алыскы Эңилчек айылына барды. Аталган жерде мамлекет башчысын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрдү.
Өлкө башчысы жеринде жергиликтүү эл менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Садыр Жапаров алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды өнүктүрүүгө толук киришүүгө азыр гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи. Ал Транспорт жана коммуникациялар министрине Эңилчек айылына алып баруучу сапаттуу унаа жолун куруу иштерин баштоону тапшырды.
Жергиликтүү тургундар айылдагы мектеп 9-класска чейин гана билим берерин, орто билимди балдары Каракол шаарында улантууга аргасыз экенин билдиришти. Ошондой эле алар Караколдо окуп жаткан балдары үчүн турак жай маселесин чечип берүүнү суранышты.
Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров алыскы аймактардын жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу маселеси Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу карала турганын айтып, тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Эңилчек айылында 35 үй-бүлө жашайт. Аталган айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашып, ага жетүү үчүн бийиктиги 3800 метр болгон ашуудан өтүү керек.

