"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду

Бүгүн, 12-декабрда, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты.

Азем «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги» эл аралык форумуна катышкан президенттердин, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземи — жыл сайын 12-декабрда (Бейтараптыктын эл аралык күнү) Түркмөнстандын башчысынын катышуусунда өлкөнүн туруктуу бейтараптык укуктук статусунун урматына өткөрүлүүчү расмий иш-чара.