Президент Садыр Жапаров 27-декабрь күнү Чүй облусунун Панфилов районундагы “Тянь-Шань форель” ЖЧКсынын балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводунун иш шарттары менен таанышты.
Аталган заводдун курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Толук кубаттуулукта иштеген заводдо суткасына 100–130 тонна продукция өндүрүлөт. Ал ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров заводдун жетекчилигинин көңүлүн сапат стандарттарын дыкат жана туруктуу сактоо зарылдыгына буруу керектигин айтты.
Белгилей кетсек, заводдун курулушуна жалпысынан 5 миллион АКШ доллары сарпталды жана ал аянты 7 гектарга жакын жер тилкесине курулду.

