Бишкек жылуулук электр борбору толук модернизация болорун президент Садыр Жапаров айтты.
Президент толук жаңылоо чоң каражатты талап кыларын жана каражат булактары табыларын билдирди.
2-февралга караган түнү болгон авария жылуулук борбордун эски бөлүгүндө катталган.
“Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.
Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми” , — деди Садыр Жапаров.