Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койгондугун билдирди.
Ал Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин эч жерге катталбай, отчет бербей келгенин айтты.
Мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып, ачык иштей башташарын белгиледи.
Садыр Жапаров “чет элдик агент” макамы берилип, куугунтук берилбей турганына өзү кепил экенине ишендирди. Ал эми чет элдик донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы болуп, вето коюуга чакырып келишкенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
“Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат.
“Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.
30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт” , — деди Жапаров.