Бүгүн, 15-майда, Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөткөн Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасын сыйлоо аземинде болду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы спортчуларга 600 миң сомдон, машыктыруучуларга 800 миң сомдон, ал эми медицина жана техникалык кызматкерлерге 200 миң сомдон акчалай сертификат тапшырды.
Президент команданын өжөрлүгү жана биримдиги Кыргызстандын биринчи жолу дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, экинчи дивизиондун “Б” тайпасына жолдомо алгандыгын белгиледи. Ал өзгөчө жетишкендиктерге жеткен айрым хоккейчилерге токтолду. Алсак, Исламбек Абдыраев мыкты чабуулчу деп табылып, Кузьма Терентьев «мыкты коргоочу» атанса, команданын капитаны Мамед Сейфулов оюнда 18 шайба киргизип, Израиль спортчусунун буга чейинки көрсөткүчүнөн ашкан.
Садыр Жапаров 2026-жылы София шаарында өтө турган чемпионатта да команда Кыргызстандын намысын татыктуу коргойт деген ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы спортту, анын ичинде хоккейди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөрүн жана колдоо мындан ары да уланарын айтты.
Хоккей боюнча улуттук курама команда дүйнө чемпионатында жеңүүчү атанды