Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастады.
Алагөзов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш-чарасынан кийин белгилүү болгонун билдирди.
«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш- аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт», — деп жазды президенттин басма сөз катчысы.