Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айтты.
Ал Бейшеналиев жакыны эмес экенин, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кызматта кармап жүргөнүн айтты.
Президент саламаттык сактоо министрин эле эмес, коррупцияга каршы күрөшкөн бардык министрлерди коргой турганын кошумчалады.
“30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.
Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Эгер уюган коррупцияны, уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек. Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз» , — деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, 3-апрелде Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан билдирүүлөрү себеп болгон. Эл өкүлү Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, бир катар фактылары бар экенин айткан.