Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, экинчи Элдик Курултайда сүйлөп жатып, элди салыктарды мамлекеттин өнүгүшүнө болгон салым катары кароого чакырды.
Садыр Жапаров акыркы окуялардын негизинде салык төлөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
“Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетиштик.
Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы”, — деп белгиледи.