Президент энергетика тармагында жаңы дайындоо жасады
Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгына ылайык, Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду.
Ошондой эле мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Алтынбек Рысбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү документтерге Президент кол койгону кабарланды.