"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент фамилия берүү эрежелерине байланыштуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Үй-бүлө кодексине» жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Жаңы жоболор кыргыз элинин каада-салтына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген ысым ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Мыйзамда мурдагыдай эле «-ов/-ова» жана «-ович/-овна» сыяктуу орусча тектештирүү мүчөлөрүн колдонууга уруксат берилет. Ошол эле маалда жарандар үчүн башка бир катар варианттар да сунушталууда.

Мыйзамга ылайык эми жарандар төмөнкүдөй фамилияларды тандай алышат:

  • Фамилияга «уулу» же «кызы» сөздөрү кошулганда, атасынын аты (отчество) жазылбайт. Мисалы:

    • Касымбеков Бакыт Аскарбекович — Бакыт Аскарбек уулу же Бакыт Аскарбек

    • Касымбекова Бегайым Аскарбековна — Бегайым Аскарбек кызы же Бегайым Аскарбек

  • Фамилияны чоң атасынын атынан алып, ага мүчө улабастан колдонууга болот. Каалоочулар ага атасынын атын да кошо алышат. Мисалы:

    • Бакыт Касымбек, Касымбек Бакыт Аскарбек уулу

    • Бегайым Касымбек, Касымбек Бегайым Аскарбек кызы

  • Ошондой эле фамилияга «тегин» деген сөздү колдонуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Ага кошумча атасынын аты жана «уулу/кызы» мүчөлөрү да кошулушу мүмкүн. Мисалы:

    • Касымбек тегин Бакыт Аскарбек уулу

    • Касымбек тегин Бегайым Аскарбек кызы

Жаңы мыйзам жарандарга өз маданиятына ылайык фамилия тандоодо эркиндик берип, улуттук иденттүүлүктү сактоого өбөлгө түзөт.