Президент Садыр Жапаров адистештирилген жабдуулардын кеңири спектрин өндүрүү тармагындагы германиялык компаниялардын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча биргелешкен чараларды көрүп жатканын белгиледи.
Президент жакында Германияга болгон сапарын, анда өлкө жетекчилиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр болгонун жана Борбор Азия жана Германия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Саммитинин ишине катышуусун эске салды.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасында өндүрүш объекттерин ачуу жана өнүктүрүү демилгелерин колдоо аркылуу биргелешкен жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди.
Германиялык компаниялардын жетекчилери кыргыз тарап менен өнөктөштүккө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кылдат изилдөөгө даяр экендиктерин белгилешти.
Алар болжолдонгон өндүрүштөрдүн иши Кыргызстандын рыногунун муктаждыктарына гана багытталбастан, жалпысынан өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулата турган продукцияларды өндүрүү ниети бар экенин баса белгилешти.
Президент Кыргызстан ар бир сунушталган компанияны ишенимдүү ишкер өнөктөш катары караарын жана биргелешкен аракеттер менен өз ара пайдалуу жана алгылыктуу шарттарга негизделген бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга болоорун кошумчалады.

