Президент Садыр Жапаров Кыргызстан өзү улуттук жана жарандык паспортторду чыгара баштаганын, буга байланыштуу 1-июлдан 31-августка аягына чейин улуттук паспортторду бекер алмаштыруу акциясы өтөрүн биллдирди.
Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды. Андан кийин 600 сомдон алмашылат. Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржы жетишсиз экенин кошумчалады.
Өлкө башчы Кыргызстанда чыккан паспортторду колдонууга кыска мөөнөттө өтүү керектигин, ошондой эле мындан ары паспортттор мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбай турганын айтты.
«Буга чейин чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен деген имиш-кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп» , — деди Садыр Жапаров.
«Учкун» мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлда акцияны баштайт.
Быйыл июндан баштап «Учкун» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын ички жана жарандык паспортторун чыгара баштаган. «Учкун» мамлекеттик басмаканасы үчүн буга чейин заманбап жабдуулар сатылып алынган.