"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент ИИББдин жаңыланган имаратына барды

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты.

Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Анда «Коопсуз шаар» долбоору менен интеграцияланган заманбап кырдаалдык борбор ачылган.

Борбор заманбап аналитикалык шаймандар жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган. Ал калаанын көчөлөрүндөгү абалды реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө, окуяларга ыкчам жооп кайтарууга жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Мындан тышкары, заманбап иш бөлмөлөр, жыйын жана басма сөз иш-чаралары үчүн залдар жабдылган. Жарандарды кабыл алуу жана кайрылууларды кароо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгиледи.

Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте башкармалыктын аймагына көчөт отургузууга катышуусу менен аякталды.