"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ПРЕЗИДЕНТ КАТАРГА БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар мамлекетине иш сапары менен барды. Мамлекет башчысын Доха шаарындагы «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортунда Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды. Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-түрк алакасынын актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүп, жогорку деңгээлде активдүү диалогду улантуу боюнча бир пикирде болушту