"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Кеминде курулуп жаткан цемент заводун көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-декабрда, Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов мамлекет башчысына ишкананын долбоордук кубаттуулугу күнүнө 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.

Завод ишке киргизилгенден кийин 500дөн ашуун жаңы жумушчу оруну түзүлөт. Жалпысынан 43 гектар аянтты ээлеген ишкананы 2027-жылы бүтүрүү пландаштырылууда.