"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент: «Кийинки шайлоодо онлайн добуш берүү пландалууда»

Президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордо» резиденциясында Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолугушуу учурунда Кыргызстан келечектеги парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатканын билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, мурдагы шайлоолордо партиялык тизмедеги башкы орундар чоң суммага — бир миллион доллардан баштап — сатылып келген. Мындай көрүнүш талапкерлерди эл менен жолукпастан, үгүт иштерине катышпай эле мандат алууга мүмкүндүк берген.

«“Карусель” деп аталган добуштарды массалык көчүрүп салуу ыкмасы да болгон. Адамдарды бир участоктон экинчисине ташып, кайра-кайра добуш бердиртишчү. Азыр мындай коррупциялык көрүнүштөр токтотулду. Эгер кимдир бирөө кайталап добуш берүүгө аракет кылса, системада анын кайсы участокто добуш бергени дароо көрүнөт», — деди ал.

Президент быйылкы шайлоо мажоритардык система менен өткөнүн, талапкерлер программаларын элге түз тааныштырганын белгиледи.

Анын билдирүүсүндө, онлайн добуш берүү шайлоочулардын катышуусун кыйла жогорулатууга — сексен пайызга чейин — шарт түзүшү мүмкүн.

«Бул ыкманы президенттик шайлоого киргизүүгө үлгүрбөйбүз. Бирок кийинки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү системасын ишке киргизүүнү пландап жатабыз», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.