Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-октябрда, «Манас» эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкциялоо жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААКтын төрагасы Манас Самидинов долбоордун планы жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Президент жаңы техникаларды көрүп чыгып, учуп-конуу тилкесиндеги оңдоо иштерин текшерди.
Учурда “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, аэродром жабдуулары жана аэробекет комплекси кеңейтилип жатат.
Мамлекет башчысы аймактардагы ири долбоорлорду баса белгилеп, Ош, Каракол, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Жалал-Абад аэропорттору жаңыланып жатканын билдирди.
«Биз авиация тармагында реалдуу өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Кыргыз авиациясынын жаңы доору башталды деп ишенимдүү айта алабыз. Биздин аэропорттор заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу борборлорго айланып, дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Мунун баары – элдин ишениминин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы», — деди Президент.