"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ПРЕЗИДЕНТ КҮТҮҮСҮЗ БАШ БАКТЫ

Шаршемби күнү Президент Садыр Жапаров К.Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды. Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү жана абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасы, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордукокутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле, Аскер институтунун курсанттарынын социалдыктурмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.