"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент: Көтөрүлгөн маселелерди кийинки курултайга чейин чечүүгө аракет кылабыз

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелерди кийинки курултайга чейин чечүүгө аракет кыла турганын билдирди.

Президент бардык сунуштарды кыска мөөнөттө толук аткаруу мүмкүн эмес экенин, бирок көтөрүлгөн темалардын 70-80 пайызын ишке ашыруу реалдуу экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ал 150 делегаттын баарынын кайрылуусун жеке өзү жазып алды.

«Ар бир сөз боюнча кийинчерээк мага электрондук вариант берилет. Мен эки документти тең салыштырып чыгып, бүгүн кечинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, акимдерге жана айыл өкмөттөргө жөнөтөм. Ар бири өз багыты боюнча ишке киришет», — деди Садыр Жапаров.