"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент мамлекеттик мекемелерде электр энергиясын үнөмдөө боюнча жетекчилерге тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров жумуштун ыкчам жүрүшү үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилерине тапшырмаларды WhatsApp аркылуу берип келет. Бул ирет өлкө башчысы жалпы жетекчилерге электр энергиясын үнөмдөө багытындагы билдирүүсүн жөнөттү. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирип, өздүк баракчасына өлкө башчысынын тапшырмасын  жайгаштырды.

Текст өзгөртүүсүз:

«Урматтуу жетекчилер!

Адылбек Алешович, министрлер, облустагы өкүлдөр жана жалпы жетекчилер!

Жарыкты үнөмдөө боюнча тапшырманы туура эмес түшүнүп жатасыңарбы билбейм. Айтор жеке жактардын, майда-чүйдө бизнестердин светтерине асылып баштабагыла. Элди дүрбөтүп аябай эле ажиотаж кылып жибердиңер.

Шайлоодо бир нерсе кылалы деген саботаж күчтөр барбы араңарда билбейм.

Андай күчтөр көчөдө толтура. Ошолордун чырагына май тамызып жатасыңар.

Тапшырманын эң негизги максаты биринчи кезекте өкмөттүк мекемелердин, айыл өкмөттөрдөн баштап Ынтымак-Ордого чейин светтерин кечки саат 18:00дөн кийин өчүрүп кетүү болчу.

Иштеп бүткөндөн кийин приборлорду, жарыкты өчүрүп коюшка көп деле күч кетпейт. Мындан тышкары муктаждык жок учурда деле коридорлордун жарыгы күйүп турат экен, күндүзү дагы кабинеттердин светин жагып алып иштеп жаткандар бар!

Мына ошолорду көзөмөл кылып карагыла деп жатам. Жарыкты үнөмдөөнү биринчи өзүбүздөн баштайлы да!

Ар бир жетекчи өзүнүн карамагындагы мекеме-ишканаларды карап, көзөмөл кылыңыздар. Айрыкча мектептер, окуу жайлар үнөмдөбөй жатышат.

Облустагы өкүлдөр акимдерди, акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр територияңардагы мектеп, бала-бакчаларды текшерип, күндө карап контроль кылып туруңуздар! Кимдин аймагында өкмөттүк имараттардын свети күйүп турса, аны иштебей жатат деп билебиз. Иштебеген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.

Мамлекеттик мекеме ишканаларынын имараттарында, Ынтымак-Ордонун өзүндө дагы үнөмдөйлү!

Жеке жактарга тийбегиле. Коркпогула энергия жетет. НЭСК министрлик менен кеңешпей туруп ызы-чуу кылып жиберди да.»