"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча 8-9-июль күндөрү мамлекеттик сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле өлкөнүн Премьер-министри, Парламенттин эки палатасынын төрагалары менен жолугушуулар пландалууда.

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүү кабыл алышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу каралууда.

Сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөрү маалымдалды.