Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасында мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган аткаминерлерге карата катуу эскертүү жасады.
“Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек”, — деп жазды мамлекет башчысы.