"Эркин-Тоо"
Саясат

Президент, мас абалында жумушка келген соттун төрагасынын видеосун көрсөттү — ВИДЕО

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында Президент Садыр Жапаров, Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалында жумушка келген видеосун көрсөттү.

Президент Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып, видеодогу соттун төрагасы ким экенин тааныдыңызбы, деп сураганда, ал «Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турат» — деп жооп берди.

Садыр Жапаров: «Туура таптыңыз. Сот системасына адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Анан мындай соттор өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок дагы реформаны аягына чыгара албайбыз. Бир килейген облусту караган соттордун төрагасы күнүгө арак ичип, мас болуп келет экен. Күндө кабинетине ушинтип кирет экен. Анан ушундай соттор менен кантип реформа жүргүзөбүз?» — деди.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова бул иш боюнча сөзсүз түрдө чара көрүлөт деп билдирди.