"Эркин-Тоо"
Коом

Президент милицияга ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүү демилгесин колдогон жок

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине кийлигишпестен, өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин — коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесин колдогон жок.