Бүгүн, 2-июлда, Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына барды. Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто Президентти Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушат. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттары боюнча маселелерди талкуулашат.