Бүгүн, 8-сентябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш сапарында Президент «Нарын» жана «Казарман» аэропортторунун ачылышына катышат. Ошондой эле Нарын шаарындагы социалдык объектилердин курулушу жана жол салуу иштеринин жүрүшү менен таанышат.