"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент оңдолгон жолдун жыйынтыгы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки 3 чакырымдык бөлүгүнүн реконструкциясынын жыйынтыгы менен таанышты.

Жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилди. Бул борбор калаанын башкы магистралдарынын биринде транспорт өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле жөө жана веложүргүнчүлөр үчүн кең тротуарлар менен веложолдор курулуп, заманбап жарыктандыруу орнотулду. Көчө бойлой бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы орнотулду.

Президент шаардыктардын коопсуздугун жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган инфраструктуралык иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.