"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров алгачкы ирет расмий сапар менен Бахрейн Королдугуна барды

Бүгүн, 21-апрелде, Президент Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Королдугуна расмий сапары менен барды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий сапарда кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара байланышты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер талкууланары маалымдалды. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган биринчи расмий сапары.