Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанда иш сапар менен болуп Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.
Анда транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу маселеси талкуулана турганы белгилүү болду.
Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук байланышын бекемдөөнү талкуулашат.
Саммитке уюмдун катышуучу мамлекеттери – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.