"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Бахтиёр Саидовду кабыл алды

2025-жылдын 31-июлунда Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, экономика, инвестиция жана маданият тармактарындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча биргелешкен долбоорлор көңүл борборунда болду.

Президент Садыр Жапаров боордош элдерди тарыхый жана маданий баалуулуктар байланыштырып турарын белгилеп, мындан аркы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана каалоо-тилектерин жеткирип, эки өлкө лидерлери койгон милдеттерди ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Өзбекстандын Тышкы иштер министринин мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалап, Президент Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду.