"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Бишкекте электробус жана газ менен жүрүүчү автобустар үчүн тейлөө борборун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпы 4,7 гектар аянтты ээлеген бул жаңы комплекс оңдоо цехтерин, административдик-тиричилик корпусун, көмөкчү жайларды жана башка зарыл инфраструктуралык объектилерди камтыйт. Тейлөө борбору бир убакта 150 электробус жана газ менен жүрүүчү автобусту тейлөөгө жөндөмдүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы бул борбордун ишке берилиши – борбор калаадагы заманбап, экологиялык таза коомдук транспортко өтүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Акыркы эки жылда газ менен жүрүүчү миңден ашуун автобус сатып алдык. Транспорттук паркты жаңылоо иштери мындан ары да уланат. Бирок азыр транспорт гана эмес, экология маселеси да курч турат. Шаардыктардын таза аба менен дем алуусу, экологиялык коопсуздугу – бул биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз», – деди Садыр Жапаров.

Президент коомдук транспорт системасын өнүктүрүү — калаа тургундары үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүүнүн жана шаар ичинде туруктуу кыймылды камсыздоонун негизги багыты экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле 1971-жылы курулган “2-депонун” бүгүн заманбап тейлөө жана кубаттоо борбору катары толук оңдолуп, модернизацияланганын эске салды. Аталган долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашып, борбор калаага 120 жаңы электробус алып келинген.

«Бул жаңы транспорттук комплекс — Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасын жаңы деңгээлге чыгаруучу ири долбоор. Ал автобустар менен электробустардын ишенимдүү иштөөсүн камсыздап, шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт», – деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров айдоочуларга кайрылып, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, аялдамаларда башка автоунааларга тоскоолдук кылбастан токтоого чакырды. Ал ошондой эле жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттун айдоочуларына урмат-сый менен мамиле кылууга үндөп, алардын үзгүлтүксүз жана оор эмгегин баалоо маанилүү экенин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы депо менен таанышып, андан соң электробус жана троллейбустан кайра жасалган автобуска түшүп, шаар ичинде кыскача сапар жасады.