Кечээ, Президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы «Евразия» аттракциондор паркын ачып берди.
Маалыматка ылайык, парк 10 гектарга жакын аймакты ээлейт. Анда 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү бар. Кирүү акысыз болуп, расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашат.
Мамлекет башчысы ачылыш аземинде сүйлөп жатып, Бишкектин акыркы жылдарда экономикалык, маданий жана инфратүзүмдүк жактан тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи.
«Шаарыбыз мурдагы кооз жана жашыл келбетине кайтып бара жатат. Жаңы оюн-зоок паркы шаардыктардын жана коноктордун сүйүктүү жайына айланат», – деди Жапаров.
Анын айтымында, паркка 35 миллион доллар инвестиция салынган. Долбоор «Евразия» фонду тарабынан каржыланып, Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган.
Президент бул жай бардык жарандар үчүн бирдей шарт түзүп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, балдар менен жаштардын активдүү эс алуусуна кызмат кыларын белгиледи. Ошондой эле шаардыктарды аттракциондорго аяр мамиле кылууга чакырды.
Иш-чарада «Евразия» уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова да сөз сүйлөп, бул парк Борбор Азияда уникалдуу экенин жана жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн маанилүү маданий борборго айланарын билдирди.
Ачылыш аземинин соңунда Президент боз үй формасындагы экспозиция менен таанышып, анда кыргыз элинин бай маданий мурастарын чагылдырган тиричилик буюмдары коюлду.

